Вторник, 25 августа

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы штабы иштеп жатат

0

1–6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы штабы күнү-түнү кызматта болот.

Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынын маалыматына ылайык, жарандар, катышуучулар жана коноктор уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан бардык суроолор боюнча аталган штабга кайрыла алышат.

Башкы штаб иш-чараларга байланыштуу маалыматтык колдоо көрсөтүп, кайрылууларды кабыл алып, зарыл болгон маалыматтарды берет жана жаралган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.

Төмөнкү каналдар аркылуу байланышуу сунушталат:

Өзгөчө кырдаалдар боюнча номер: 1225
WhatsApp / Telegram: +996 552 252 037

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз