Среда, 26 августа

Кытайдын лидери Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат

0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз