Понедельник, 25 ноября

Кой-Таштагы кагылышта 24 жаштагы дагы бир жигит өлгөнбү?

0

Депутат Ирина Карамушкина соцтармактагы баракчасы аркылуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына кайрылды.

“УКМК! Кой-Таштагы тынч элге куралдуу кол салууда баары үстүбүздөн вертолет, дистанциялык-пилоттук учуучу аппарат (дрон) учуп жүргөнүн баары көрүштү. Силерде башамаландыкты эл жаратпаганы, бийлик элди өзүн жана эч кандай күнөөсү жок, болгону принцибинде бек турган А. Атамбаевди коргоого мажбур кылганы боюнча ачык-айкын фактылар бар! Эмнеге видеоматериалдарыңарды көрсөтпөйсүңөр? Анан да  атайын бөлүктүн жоокерлери тарабынан сабалып, жараат алган карапайым жарандарга жана Атамбаевдин өзүнө, анын тарапташтарына башаламандыкты уюштурду жана кармоо учурунда бийликке каршылык көрсөттү деген жалаа жабыштырып жатасыңарбы? Азыр эмне экс-президенттерди террористтердей, же бандформировкалоонун лидерлериндей кармап калышканбы?” – деп жазды депутат.

 Ошондой эле депутат чабуул учурунда карапайым адамдардан да курмандык болгонун, атайын бөлүктүн жоокерлеринин огунан жаш жигит каза болгонун айтты. Эл өкүлү 7-8-августтагы окуядан жабыркагандардын баарын эл аралык уюмдарга арыз жазып укугун коргоого чакырды.

“Бизге атайын бөлүктүн жоокерлеринин колунан 24 жаштагы Курсанбек уулу Миржан каза тапты деген кабар жетти. Азыр партиядагы балдар маалыматтын чындыгын текшерип жатышат. Эгер чын болсо, 7-8-августтагы окуядан жабыркаган жарандардын баарын адам укугун коргоо боюнча эл аралык сотко арыз жазууга чакырам! Бийлик мыйзамсыз ишине жооп берсин!”- деди Ирина Карамушкина.

7-8-августта мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин ортосунда кагылышуу болгон. “Альфа” атайын бөлүктүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков атылган октон каза тапкан. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов оор жараат алып, учурда Москвадагы ооруканада дарыланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз