“Мени ээрчиткен ак жарык” – ырдын ушул сабы ырчы жана акындын ортосунда талашка түштү. Мындан үч жылдай убакыт мурун ырчы Анара Шаимкулова “Мени ээрчиткен ак жарык” аттуу чыгармачылык концертин өткөргөн. Концерттин аталышы белгилүү акын Нарсулуу Гургубаевага таандык экени жана ырчы акындын сабын уруксат сурабай пайдалангандыгы эми айтылды.
Соцтармактын колдонуучуларынын бири 2016-жылы акындын “Алыстагы ак жарык” аттуу китеби чыкканын айтып, Анара Шаимкулованы “уурулукка” айыптады. Акын менен ырчынын күйөрмандары ар кими өз пикирин айтууда. Айрымдары, дүйнөдө окшош адамдар бар болгон сыяктуу эле, окшош ойлор да жаралаарын белгилешсе, бир даары бул оригиналдуу ой толгоо бир гана адамга таандык экенин айтышты.
Колдонуучулардын бири мындай пикирин калтырды:
“Анаранын концерти өзгөчө өткөн. Чынында ар кимдин жүрөгүндө өзүнүн ыйык көргоөн ак жарыгы бар. Анаранын ак жарыгы апасы болсо, акын кыздын ак жарыгы сүйүү экен. Демек ак жарык аныкы же мунуку деген таптакыр туура эмес. Бирөө жазган сөздү экинчиси колдонбош керек беле?”
Ырчынын продюсери Назгүл Жамгырчиева бул акын менен ырчынын ортосундагы иш экенин жана алар эчак эле келишим түзүшкөнүн билдирди.
“Эки талант аман болсо, дагы керемет ырларды жаратышат. А биз суктанып жүрө берели”, — деген продюсер талашка чекит койгонсуду эле. Бирок, акын Гургубаеванын жообу кайрадан отко май чачкандай кылды.
“Келишим бир нерсени жасаардын алдында түзүлөт, а Анара мага концерт өткөндөн кийин жазган. Бул келишим эмес. Бирөөнүн эмгегин уруксатсыз алуу – бул уурулук. Менден эч ким “ушул сабыңды пайдалана берелиби?” – деп уруксат сураган эмес. Концерттин өткөнүнө 3 жыл болду, мен ушул кезге чейин ооз ачпадым. Бирок, Анаранын концертин көргөндөрдүн арасында менин ырымды жакшы тааныгандар бар, аларда таң калуу пайда болуп жатат”, — деди Нарсулуу Гургубаева.
Автордук укук боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) мурдагы өкүлү Жыргалбек Касаболотовго акын менен ырчынын талашы боюнча түшүндүрмө алуу максатында кайрылдык. Ал ушундай чыр-чатактарды болтурбоо максатында жана автордун укугун коргоо үчүн аталган агенттик көп жыл мурун түптөлгөнүн билдирди.
“Мыйзам боюнча кайсы бир чыгарма, же анын фрагменти кимдин авторлогунда мурда жарыяланса, башкасы (мурда жазылып, кийин жарыяланса кол жазманын эскилиги) далилденмейинче, биринчи жарыяланганга таандык болуп эсептелинет. Кыргызпатентте же ошол сыяктуу органда каттоо автордук укукту бекемдеш үчүн жасалат, бирок ушул принципти жокко чыгарбайт”, — деди Касаболотов.
Айтымында, чыгармачыл чөйрөдө сап талашкан окуялар кездешет. Айрыкча, эгерде сап ошол чыгарманын күчтүү жери болсо, талашка негиз бар.
Буга дейре ырчылардын обондуу ыр талашкан учурлары арбын кездешкен. Мисалы, Айчүрөк Иманалиева менен Гүлнур Сатылганованын “Сахна” аттуу ырды талашкан. Кийинчерээк Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Кайратова “Махабат көлүн” бөлүшө албай убара болушкан. Мындай мисалдар ырчылар чөйрөсүндө көп. Алардын талашуусунун соңу эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калды. Ал эми сап талашкандар мындан ары эмне кылыша алат? Жыргалбек Касаболотов бул тууралуу:
“Кааласа — сотко бере алат. Сот ошого жараша автордукту аныктап, коюлган доого жараша чечим кабыл алышы мүмкүн. Мен билгенден бизде автордук укук үчүн Олжобай Шакир гана соттошкон. Башка прецедент түзүлө элек». А негизгиси автор үчүн өзүнүн авторлугун далилдөө. Мисалы мен соттошсом мага ошол жетиштүү болмок”, — деди.