Пятница, 18 сентября

Бүгүн «Бишкек Аренада» чоң концерт өтөт

0

Бүгүн, 18-сентябрда «Бишкек Арена» стадионунда чет элдик артисттердин катышуусунда концерт өтөт. Буга байланыштуу көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан стадионго шаттл-автобустар уюштурулду.

Мэриядан билдиришкендей, көрүүчүлөрдү жеткирүүнү үчүн 250 шаттл-автобус тартылат.

Концерт саат 19:00дө башталат. Ал эми шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен каттайт:

№1 шаттл-автобус: Асанбай кичирайону (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) – «Бишкек Арена»;
№2 шаттл-автобус: Матиев көчөсү (Алтымышов көчөсү, 98/1) – «Бишкек Арена»;
№3 шаттл-автобус: Жаштар кварталы (Малдыбаев көчөсү, 275/Б) – «Бишкек Арена»;
№4 шаттл-автобус: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) – «Бишкек Арена»;
№5 шаттл-автобус: «Ынтымак» паркы – «Бишкек Арена».
Концерттик программа аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да уюштурулат.

«Ошол эле учурда 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштейт. Каттамдардын санын кыскартуу, иштөө режимин өзгөртүү же коомдук транспорттун кыймылын токтотуу каралган эмес», — деп белгилешти мэриядан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз