Ош облусунан 2026-жылдын 18-декабрында өтө турган V Элдик курултайга 130 делегат шайланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарында V Элдик курултайга шайланган делегаттардын жалпы жыйыны өттү. Ага 130 делегаттын 125и катышып, кворум бар деп табылды.
Жыйынды президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев ачып, делегаттарды куттуктады. Ал эл тарабынан жүктөлгөн жоопкерчилик чоң экенин белгилеп, делегаттар эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдейт деген ишенимин билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүлдүн жыл ичинде аткарган иши тууралуу маалыматы угулуп, Улуттук Кеңештин жана эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер сунушталды.
Белгиленгендей, Улуттук кеңештин мүчөлөрү ар бир райондон калктын санына жараша шайланды.
