Суббота, 19 сентября

Президенттин басма сөз катчысы китеп тартыштыгы боюнча үн катты

0

Китептер тууралуу маалымат Агартуу министрлигинин сайтында ачык жарыялануусу зарыл. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчет бербеши керек.

Алагөзов белгилегендей, ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери маалымдалышы зарыл.

«Ар бир ата-эне өз баласы окуган мектепте кайсы китептен канча нуска жетпей жатканын жана ал качан келерин билиши керек», — деп айтты ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз