Талас шаарында “Манас деми – 2026” жарым марафону өттү.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаранын байге фонду 1 млн сомду түзүп, ага 1 миң 500гө жакын адам катышты.
Быйыл экинчи ирет уюштурулуп жаткан жарым марафон, спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.
Катышуучулар бир нече аралык боюнча күч сынашты. Негизги жарыштар 21 жана 10 чакырымга, ошондой эле 3 чакырымга чуркоону камтыды. Мындан тышкары, ден соолугунан мүмкүнчүлү чектелген спортчулар үчүн бир чакырымдык жарыш уюштурулду.
Балдар үчүн “Балакай” жарышы өтүп, анда жаш балдар 500 метр аралыкка чуркашты.
Белгилей кетсек, “Манас деми” жарым марафону алгач 2025-жылдын май айында өткөрүлгөн. Быйылкы иш-чара экинчи жолу Таластагы “Манас Ордо” комплексинде уюштурулду.
Жарым марафондон түшкөн каражат Талас облусундагы балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго берилери кабарланган.
Марафон “Альянс Алтын” компаниясынын демилгеси, уюштуруучулугу жана демөөрчүлүгү менен өнөктөштөрдүн колдоосунда өттү.
