Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн даярдыгын текшерүүгө багытталган республикалык командалык-штабдык машыгууну баштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, машыгуу 23-25-сентябрда өтүп, катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу сценарийи боюнча жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө урандылардын алдында калган жарандарды издөө жана куткаруу, жабыркагандарды эвакуациялоо, өрттү өчүрүү, зыяндуу заттарды залалсыздандыруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык иштер аткарылат.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда кызматтардын өз ара аракеттенүүсү, атайын техника колдонуу жана ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмү текшерилет.
Машыгууга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышууда
