Среда, 30 сентября

Футболчуларыбыз Мальдивдердин курамасын 5:0 эсебинде жеңди

0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн жолдоштук беттеште Мальдив аралдарынын курамасын 5:0 эсебинде жеңди.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, голдорду Эрбол Атабаев (11′, 23′), Сирожиддин Астанакулов (19′), Валерий Мурзаков (32′) жана Жоэль Кожо (42′) киргизди. Беттештин мыкты оюнчусу Эрбол Атабаев аталды.

Бул оюн улуттук кураманын жаңы башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов үчүн алгачкы беттеш болду.

Кыргызстандын курама командасы кийинки жолдоштук оюнун 4-октябрда Ливанга каршы өткөрөт. Бул беттештер 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыктын алкагында өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз