Среда, 30 сентября

Имамдардын айлык акысы жогорулайт

0

Кыргызстанда имамдардын жана диний кызматкерлердин айлык акысы жогорулатылат. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин басма сөз катчысы Жунусаалы Мырзалиев билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен учурда болжол менен 8 миң сомду түзгөн төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда.

Учурда улуттук агенттик Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз