Өзбекстан 2030-жылга чейин өлкөгө келген туристтердин санын 20 миллионго чейин көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, 2030-жылга чейин Өзбекстан ИДПдагы туризмдин үлүшүн 7%га, туризм экспортун 8 миллиард доллардан ашырууга жана жогорку класстагы мейманканалардын санын эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатат.
2025-жылы өлкөгө дээрлик 12 миллион чет элдик турист келген. Бул 2016-жылга караганда алты эсе көп. Бул мезгилде туризм экспорту 11 эсеге өсүп, 4,8 млрд долларга жеткен.
Артыкчылыктуу багыттардын катарына жасалма интеллект жана санариптик технологияларды ишке ашыруу, бирдиктүү улуттук туризм платформасын түзүү жана гастрономиялык, экологиялык, зыярат, медициналык, тоо, укмуштуу окуялар, бизнес, этно жана айылдык туризмди өнүктүрүү кирет.
