Кыргызстандын грек-рим күрөшү курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду.
Ал 60 кг салмак категориясында күч сынашып, финалда Өзбекстандын өкүлү Алишер Ганиев менен беттешти. Шаршенбеков атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.
Кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач Түштүк Кореянын өкүлүн 9:0 эсебинде, чейрек финалда түркмөнстандык балбанды 8:0 эсебинде жеңген.
Жарым финалда Шаршенбеков Ирактын балбанын 40 секундда 10:0 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда финалга чыккан.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында дагы алтын медаль тагынган.
