Бакуда «Поляризацияланган дүйнөдө ЖМК аркылуу ишенимди бекемдөө» темасына арналган CICA медиафоруму ишин баштады. Иш-чарага Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешке (CICA) мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Аталган уюмдун башкы катчысы Кайрат Сарыбай дүйнөдөгү өзгөрүүлөр маалымат мейкиндигинин да өзгөрүшү менен коштолуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай шартта мамлекеттер ортосундагы диалогго, аймактык кызматташтыкка жана биргелешкен чараларга өзгөчө маани берилет.
«Аймактык чечимдер – 26 мамлекетти бириктирген CICA`нын негизги иш багыттарынын бири. Бүгүнкү күндө уюм күчтүү өкмөттөр аралык түзүмгө айланды. Санариптик коммуникациялар заманбап эл аралык мамилелерди калыптандырууда маанилүү роль ойнойт», – деп белгиледи Кайрат Сарыбай.
CICA`га мүчө мамлекеттердин ортосундагы кеңири кызматташтык ЖМК өкүлдөрүнө байланыштарды түзүп, өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын форумга катышуусу аймактагы өлкөлөр учурда туш болуп жаткан актуалдуу маселелерди кеңири чагылдырууга өбөлгө түзөт.
Азербайжандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Халаф Халафов, айрыкча жалган маалыматтар кеңири тараган шартта, ишенимдүү маалыматты жайылтууда ЖМКлардын маанилүү ролун белгиледи.
Ал терроризм коркунучтары тууралуу айтып жатып, жаралып жаткан көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө CICA`нын негизги иш багыттарына байланышкан маселелер да талкууланууда. Алардын арасында мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле суу ресурстары жаатындагы кызматташтык маселелери бар.
CICA`нын жетинчи саммитин быйыл октябрь айында өткөрүү пландалууда. Саммит уюмга мүчө бардык мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө багытталат.
