Вторник, 6 октября

Бишкек-Ош жолун сел алды

0

Бишкек–Ош эл аралык маанидеги автожолунун 428-441-чакырымдарындагы селден жабылган тилкенин бир тарабы ачылып, экинчи тарабын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган.

Окуя болгон жерге министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери тартылып, жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

“Учурда жолду тазалоо иштерине тиешелүү техникалар тартылган. Жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер уланууда”,–деп белгиленет билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз