Кыргызстанда ”Коопсуз өлкө“ долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, камералар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып, коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
