“Манас таануу“ интеллектуалдык телетаймашынын 15 жылдык мааракеси Түркиядагы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда белгиленди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан тандалган мыкты мугалимдер жана уюштуруучулар катышты.
Жолугушууда телетаймашты эл аралык деңгээлде таанытуу, географиясын кеңейтүү жана уюштуруу иштерин өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин колдоосу менен долбоордун өнүгүшүнө салым кошкон мугалимдерге жана уюштуруучуларга сыйлыктар тапшырылды.
