Четверг, 15 октября

Кремль Зеленскийдин ок атышпоо сунушуна жооп берди

0

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2022-жылдын февраль айынан бери согуш жүрүп келе жаткан Украинада убактылуу ок атышпоону эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалагандарын билдирди.

Москвада журналисттер менен маектешүүдө Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин эгерде Орусиянын президенти Владимир Путин 60 күндүк ок атышпоону кабыл алса, Украинада шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча Орусиянын позициясы өзгөрбөгөнүн айткан Песков: «Орусияда Путин тарабынан да, башка деңгээлдерде да бир нече жолу айтылды. Биз ок атышууну токтотууну эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалайбыз жана бул үчүн колубуздан келгендин баарын жасоого даярбыз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз