Четверг, 15 октября

Миңден ашык үй-бүлөгө МИКтин үйлөрү берилди

0

Үйгө муктаж жарандардын үй-жайлуу болушу менен бирге өлкөнүн стратегиялык максаттары да ишке ашып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында бул багыттагы “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында иш-пландар алдыга жигердүү жылып жатат.

“Үйлүү болуу үчүн жер тилкесин издеп, курулуш материалдарын чогултуп, же каражат табуу үчүн үй-бүлөсүн калтырып, чет өлкөлөп убара тартып келишкен канчалаган жарандарыбыз бар. Алар көздөгөн максатына жетүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга тушугуп, “мамлекетибиз муктаждардын, жаштардын үйлүү болушуна көмөктөшсө” деген ой-тилектерин жазып да, айтып да келишкен.
Биз мамлекеттин жүгүн мойнубузга алгандан кийин ар дайым элдин суроо-талабын канааттандырууга тийишпиз.
Үйгө муктаж жарандарыбыздын үй-жайлуу болушу менен бирге стратегиялык максаттарыбыз да ишке ашып жатат. Өз үйү бар үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеними бекем болот”, — деди президент.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинен 1104 үй-бүлө батирлүү болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз