Четверг, 15 октября

Кубаныч Арынов дүйнө чемпионатында коло медаль утту

0

Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал грек-рим күрөшүнүн 60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Арынов 1/8 финалда АКШ өкүлү Максвелл Хоппер Блэкти 8:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда азербайжандык Элмир Алиевге 4:7 эсебинде утулду. Жубатуучу беттеште польшалык Оливье Томаш Скшипчакты 9:0 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн кармашта өзбекстандык Мехрож Бахрамовду 1 мүнөт 51 секундда туше менен утту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз