Пятница, 23 октября

Президент Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларына барды

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.

Маалымдалгандай, 2021–2026-жылдары Таш-Көмүр шаарында 3 975 орунга ылайыкталган «Шахтёр» борбордук стадиону реконструкцияланган.

Шаарда спорттук жана маданий инфраструктуранын жаңы жана жаңыланган объектилери пайдаланууга берилген. Алардын катарында шаардын түндүк бөлүгүндөгү бокс залы, балдардын искусство мектебинин жаңы имараты жана А. Пушкин атындагы № 9 мектептин спорт залы бар. Ошондой эле Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын имараты оңдолгон.

Президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен шаарды өнүктүрүүгө, анын ичинде ички жолдорду асфальттоого, спорт комплексин, эс алуу паркын жана шаардык борбордук оорукананы курууга каражат бөлүнгөн. Коммуналдык кызматтар үчүн атайын багыттагы 11 техника сатып алынган. Мындан тышкары, жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда шаарда бир катар социалдык объектилердин, анын ичинде спорт комплексинин, эс алуу паркынын жана 150 орундуу шаардык борбордук оорукананын курулушу уланууда.

Мындан тышкары, жеке инвесторлор өнөр жай ишканаларын түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Тактап айтканда, инвестициянын көлөмү болжол менен 1,5 млн АКШ долларын түзгөн «Таш-Көмүр КФ» көмүрдү кайра иштетүүчү заводунун курулушу жүрүп жатат. Ишкананы 2026-жылдын аягында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле инвестициянын көлөмү 70 млн АКШ долларын түзгөн «ЮгЕвроЦемент» цемент заводунун курулушу уланууда. Ишкананы 2027-жылы ишке киргизүү пландалган.

Шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелеринин катарында дарыянын жээгинде туристтик аймак түзүү концепциясын ишке ашыруу жана Курп-Сайдан Таш-Көмүргө таза ичүүчү суу жеткирүү долбоору белгиленди.

Кара-Көл шаарында 2021–2026-жылдары кичи футбол үчүн 2 аянтча курулуп, 13,5 чакырым ички жол асфальтталган жана 1,58 чакырым жаңы тротуар салынган.

Жаңы бала бакча жана мектеп пайдаланууга берилип, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы административдик имараты курулган. Ошондой эле 32 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилип, «Электр станциялары» ААКтын жаңы административдик имараты тургузулду.

Шаарда «Аква Сервис» балыкты кайра иштетүүчү ишканасы ачылып, чакан Кара-Көл ГЭСи да пайдаланууга берилген.

2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталган. Милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жана Жалпы дарыгерлик практика борборун капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Мындан тышкары, «Жаштар аллеясын» көрктөндүрүү жана шаардын борбордук тепкичин оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Стимулдаштыруучу гранттардын эсебинен жалпы наркы 40,4 млн сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылууда.

Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун баштады.

Кара-Көл шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары катары аймактык жана эл аралык билим берүү кластерин түзүү, мамлекеттик деңгээлде өнөр жай өндүрүшүн жана активдүү туризмди өнүктүрүү, транзиттик-сервистик хаб түзүү, ошондой эле шаардын бирдиктүү жашыл каркасын калыптандыруу жана инженердик инфраструктурасын жаңылоо белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз