Пятница, 23 октября

Айтиев атындагы музейде “Графика” көргөзмөсү өтүүдө

0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Графика» көргөзмөсү өтүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө 22-октябрдан 6-ноябрга чейин уланмакчы.

Экспозицияда белгилүү чеберлердин жана жаш муундун өкүлдөрүнүн эмгектери тартууланууда. Көргөзмөгө сүрөтчүлөр, дизайнерлер, архитекторлор, фотосүрөтчүлөр, скульпторлор жана керамисттер катышууда.

Көрүүчүлөргө графикалык искусствонун салттуу жана заманбап багыттарындагы эмгектер, анын ичинде санариптик искусство, Street Art жана фотосүрөт искусствосунун үлгүлөрү сунушталууда. Ошондой эле жаңы көркөм ыкмаларды жана авторлордун чыгармачыл изденүүлөрүн чагылдырган эксперименталдык композициялар коюлган,

Көргөзмө заманбап искусствонун көп кырдуулугун көрсөтүп, көрүүчүлөрдү графиканын жаңы формалары жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырат.

Дареги: Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи, Абдрахманов көчөсү, 196.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз