Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жеткени маалымдалды. Ал эми 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин көлөмү 488,9 млн сомду түздү. Жыл жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 625 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.
Муну менен катар, акыркы беш жылда райондо тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйгөн: 2021-жылдагы 530 млн сомдон 2025-жылы 1,6 млрд сомго жеткен. 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 1,05 млрд сомго жеткен.
Каралып жаткан мезгил аралыгында райондо 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган. Дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Жол жана ирригациялык инфраструктурада олуттуу иштер жүргүзүлгөн: 61 км жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген, Сарымсак каналын оңдоо иштери уланууда. Жети айылда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
