Среда, 4 ноября

Түрк дүйнөсүнүн диалог форумунда «Манас» эпосу айтылды

0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, этно-ырчы Гүлзада Рыскулова Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн диалог форумуна катышты. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чаранын алкагында ырчы мазмундуу баяндама жасап, «Манас» эпосунан үзүндү аткарды.

Гүлзада Рыскулова манасчы Рыспай Исаковдун вариантынын негизинде Манас атабыздын сыпатталышын ырга салган «Айкөл Манас» чыгармасынан үзүндү айтып, кыргыз элинин бай руханий мурасын жана улуттук маданиятын эл аралык деңгээлде таанытты.

Белгилей кетсек, ырчынын аткаруусундагы «Айкөл Манас» чыгармасы угармандардын кеңири кызыгуусун жаратып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз