Бишкек мэриясында коррупция “гүлдөп” жатабы?

0

Бишкектеги жер алдындагы өткөөлдөрдү оңдоодо коррупция орун алганын УКМК кабарлады.
Андагы маалыматка таянсак, 2019-жылдын 14-августунда Бишкек прокуратурасы кылмыштардын Бирдиктүү реестрине 320-берененин 2-бөлүгү боюнча (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) сотко чейинки өндүрүштү каттаган.
2018-жылы Бишкек прокуратурасы Бишкек мэриясына караштуу капиталдык курулуш Башкармалыгынын Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүндөгү, Манас проспектиси менен Чүй проспектисиндеги жер өткөөлдөрдү оңдоо боюнча өткөргөн сынактарды текшерген. Андан тышкары Курманжан Датка жана Шабдан Баатыр көчөлөрүндөгү жер үстүндөгү өткөөлдөр да текшерилген.
Жыйынтыгында, ишти бүткөрүүгө кеткен сумма 498,9 миң сом болуп жогорулатылып көрсөтүлгөнү аныкталган. Анын 122, 3 миң сому подрядчылар тарабынан жок кылынган. Андан улам Бишкектин бюджетине 376, 6 миң сом зыян келтирилген.
2018-жылы да аталган башкармалыктын жети кызматкери Бишкек прокуратурасынын көрсөтмөсү менен дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.
Бул кылмыш ишин иликтөө жыйынтыгы УКМКнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Ушул жылдын январь айында да Бишкек мэриясынын, “Тазалык” муниципалдык кызматынын жана “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата прокуратура кылмыш ишин козгогон. “Коррупция” беренеси колдонулган кылмыш ишиндеги фигуранттар 11 миллион евролук гранттык келишим түзүүдөгү көз боемочулукка шектелишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз