Пятница, 26 апреля

Педофилдерге кандай чара көрүү керек?

0

Ысык-Көлдүн Түп районундагы айылдардын биринде жашы жете электи зордуктоо фактысы катталды. Аталган облустун ИИБинин маалыматына караганда, жаран 15 жаштагы айылдашын зордуктоого шектелүүдө.
Июнь айынын аягында укук коргоо кызматына кыздын энеси кайрылган. Ал айылдашы бойго жете элек кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айткан. Аял арызында окуя 17-июнда, айылдын четинде болгонун жазган.
Факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы шектүү кызды үч жолу зордуктаганын тастыктаган. Ушул жумада иш сотко өткөрүлөт.
Кыз учурда депрессияга кабылып, аны менен психологдор иштешип башташкан белгилүү болду. Ата-эне кызына зордук көрсөткөн жарандын мыйзам чегинде жазаланышын талап кылышты.
Кыргызстанда жашы жетелектерге сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү кылмышы оор кылмыштардын катарына кирет. Кылмыш жаза кодексинин быйыл, 2019-жылы кабыл алынган жаңы редакциясында мындай кылмыштарга жаза мөөнөтү кыскартылган. Эски редакция боюнча жашы жете электи зордуктаганы далилденген жаран 20 жылдан баштап өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал эле. Ал эми жаңы кодекс боюнча бул кылмыштын айыптуулары 12 жылдан 15 жылга чейин темир тор артына кетет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз