Вторник, 7 мая

Ирина Карамушкина да камалабы

0

“Мени башкы прокурор Жамшитов күбөдөн 244- берене (Массалык башаламандыкты уюштуруучу) боюнча шектүүгө айландырыптыр. Мен элге таратып, күч кызматкерлин сабоого даярдаган имишмин жана буйрук берип туруптурмун, аны менен ЖК депутатынын антын бузуптурмун… Бүттү, мына бийликтин жүзү! Эгер экс-президентти, депутатты бир да далил көрсөтпөй туруп болбогон жалааны жабышса, эми камап деле салышат, анан жылдар бою бул мындай эмес деп далилдей бер! Толук укуктук коллапс жана бийликтин чектен чыкканы!.. Өлкө, куттуктайм!” – деп жазды депутаты Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына.
Ирина Карамушкина мурдагы президент Атамбаевдин ишенимдүү адамы. Коомчулукта акыркы кездерде бул эл өкүлүн “сатпаган дос” катары баа бергендер көп. Бирок, ошол эле учурда эл өкүлү кыргыз элинин каада-салтына шек келтирген билдирүүлөрү менен да белгилүү. Мисалы, ак калпакты “мончого гана жарай турган буюм” деп сыпаттаган.
Ал 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяда Атамбаев колго түшкүчө жанында жүргөн.
Мыйзамга ылайык, депутат оор беренелердин негизиндеги кылмыш иши боюнча шектүүгө айланса депутаттык кол тийбестигинен кол жууйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз