Суббота, 20 апреля

Кеңеш. Кир жуугуч машине сизге узакка кызмат кылат, эгер…

0

Колго кир жууп калгыңыз келбесе, төмөнкү эрежелерди сактаңыз:

1. Кир жуучу машине турган пол тегиз жана катуу болушу шарт. Бул ашыкча вибрация болуунун алдын алып, ал өз кезегинде машинени ар кандай деталдарынын ыргып кетүүсүнөн сактайт. Машинеге ушул максатта ашыкча кир салууга болбойт, андан көрө бир аз бош орун калтырыңыз.
2. Бакка топчу, төөнөгүч, тыйын жана ар кандай катуу буюмдардын аралашып кирүүсүнөн абайлаңыз. Кийимдерди машинеге салаардан мурда ар биринин чөнтөгүн эринбей текшериңиз. Кийимдердин сыдырмаларын сыдырып, топчуларын кадап коюңуз. Сыдырма жана топчудан машинеңиздин запкы көрүүсүн каалабасаңыз мындай кийимдерди атайын мүшөккө салып жууңуз.
3. Кебээр менен күрөшүү. Буга эки ыкма колдонулат, биринчиси химиялык – ар бир кир жуулган сайын суунун ийкемсиздигин ылдыйлатуучу атайын каражаттарды колдонуу, экинчиси технологиялык – 50 градустан ашпаган ысыктыктагы сууга жуумай, суу кайнабаганда кебээр бир топ аз пайда болот. Кебээрдин пайда болушунун дагы бир себеби начар айнаны колдонуу экенин унутпаңыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз