Четверг, 2 мая

Карамушкина камалабы, же үй камагында калабы?

0

Депутат Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Ал барымтага алууга шектелүүдө.
КСДП партиясынын төрага орун басары Кундуз Жолдубаеванын маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, депутаттын баш коргоосун караган сот отуруму бир сааттын аралыгында болот.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Карамушкина 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуяда күч түзүмүнүн кызматкерлерин барымтага алуу боюнча айыпталып жатат.
Эл өкүлүнө күбөдөн шектүүгө айланганы кабарланган. Буга дейре Карамушкина соцтармактагы баракчасы: “Элге мен акча таратып, күч түзүмүнүн кызматкерлерин сабаганга даярдаган имишмин. Мына, бийликтин чыныгы жүзү” деген билдирүү калтырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз