Пятница, 22 ноября

Мелис Турганбаев акчасы көптүгүн жар салды

0

Бир катар мамлекеттик мекемелерди жетектеп келип, учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы болуп турган Мелис Турганбаев кичи мекени Ат-Башынын Ак-Муз айылына заманбап европалык стилге ыңгайлаштырылган футболдук аянтча куруп бергени айтылууда.
Албетте, айыл жергесине кол кабыш кылып, элдин муктаждыгын чечкен мындай аракет колдоого ээ болот. Бирок, ишкерчилик менен алектенген адам эмес, өмүр бою мамлекеттик кызматтарды жетектеп келген адамдын чөнтөгүнөн ири сумма табылганы таң калыштуу болоору бышык. Коомчулукта да ЖАМК төрагасына “кайсы акчага?…” деген шектүү суроолор узатыла баштады.
Мелис Турганбаев күмөн ойлорду токтотууга тез эле киришти. Ал “акчасы көп” экенин белгиледи.
“Менин капчыгым кызык болуп жатса айтайын, ооба менде акча бар. Балдарым, бир туугандарымдын жашоо-шарты жакшы. Ачка калгандардан эмеспиз. Жакындарым ишкерчилик менен алектенишет. Аянтчаны курууга кеткен акча мамлекеттикки эмес. Досум экөөбүз өзүбүздүн тапканыбызга курдук. Эл абдан кубанды”, — деди Турганбаев.
Айтымында, айылына дайыма эле жардам берип келет. Былтыр трансформатор алып берген, келерки жылы болсо мончо куруп берүүнү пландап жатат.
Мелис Турганбаевдин өмүр баянын карап көрсөк, 1986-жылдан 24 жашынан тартып ушул убакка чейин бир гана мамлекеттик кызматтарда иштеген.
1986 —Кыргыз ССРинин ИИМинин ыкчам кызматкери;
1987 —Бишкектин Свердлов районунун ички иштер кызматынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
1993 —Бишкектин Свердлов районунун ички иштер кызматынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
1996 —Бишкектин Свердлов районунун ички иштер кызматынын башчысынын орун басары;
1998 —КР ИИМдин кылмышкер издөө Башкармалыгынын башчысынын орун басары.
2000 — КР ИИМдин өзгөчө оор кылмыштар менен күрөшүү Башкармалыгынын башчысы;
2001 — Бишкектин Биринчи май районунун ички иштер кызматынын башчысы. Ошол эле жылы Бишкек ИИБинин башчысынын орун басары;
2005- ИИМдин кылмышкер издөө башкы Башкармалыгынын башчысы, кийинчерээк Бишкек ШИИБИнин башчысынын орун басары;
2006- ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы Башкармалыгынын башчысы;
2008- баңгизаттарга көзөмөл жүргүзүүчү Агенттиктин башчысы;
2010- ИИМ башчысынын биринчи орун басары;
2014-16 – КР ИИМ министри;
2019- февралда ЖАМКнын төрагалыгына дайындалган.
Мелис Турганбаев 2015-жылдагы кирешеси боюнча тапшырган декларациясында менчик үйү жоктугун белгилеген. Анын 0,2 гектар үч жерди, бир 0, 12 гектар жери бардыгын айткан. Жерлердин биринде кафе иштетилет. Андан сырткары «Мерседес Бенц ML 350» автоунаасы болгон. Бул жыл анын ИИМ башчысы болуп турган мезгилине чак келет. Андан бери төрт жыл өттү, Турганбаев андан кийин да ар кайсы кызматтарда иштеп келатат. Байлыкты дагы да топтогондой жайы бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз