Суббота, 23 ноября

Адвокат Айткуловдун эмнеге камакка алынганы белгилүү болду

0

Икрамидин Айткулов ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу.
Кечээ, 22-августта түнү адвокат Икрамидин Айткулов Бишкек ШИИБинде сурактан кийин убактылуу кармоочу жайында калтырылганы белгилүү болгон. Бул тууралуу жубайы Раушан Айткулова соцтармактагы баракчасына жазган. Ал күйөөсүн эмне себептен сурактан кийин алып калышканынын себебин билбей турганын белгилеген.
Бүгүн шаардык милиция башкармалыгы адвокаттын көз боемочулукка шектелип кармалганын тастыктады. Маалыматка караганда, 2018-жылдын 19-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Н. Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Икрамидин Айткуловго чара көрүү өтүнүчүн келтирген.
Арыздын ээсинен адвокат 5 миң 500 доллар алдап алганы айтылган. ИИМдин тергөө кызматынын тергөөгө чейинки иликтөөдөгү материалдары Башкы прокуратурага юридикалык баа берүүгө жөнөтүлгөн. Ал материалдарды башкы көзөмөл органы кайра эле аталган башкармалыкка кошумча иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн жиберген. Ушул жылдын 4-январында арыз Бишкек ШИИБинин Тергөө кызматына жиберилген. КР Кылмыш жаза кодексинин “көз боемочулук” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Учурда Икрамидин Айткулов шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында.
14-августта адвокат президент жана премьер-министрге ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевди кызматтан алуу өтүнүчүн келтирип кайрылуу жолдогон. Ал Курсан Асановду министр жеке кызыкчылыгынан улам кызматтан алган деген пикирди карманган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз