“Дүйнөлүк коомчулук Жаммудагы жана Кашмирдеги геноциддин алдын алуусу керек”, — деп Пакистандын премьер-министри Имран Хан Твиттердеги баракчасына жазды.
Анда айтылгандай, пост диний ишеним жана башка түшүнүктөрдөн улам зордук-зомбулуктардын курмандыктарын Эларалык эскерүү күнүнө багытталган.
Индия өкмөтү Кашмирдин тургундарын бардык укуктардан жана эркиндиктен чектеп жатканын Имран Хан белгилеген.
“Миллиондогон кашмирликтер индиялык оккупацияга туш болушту жана зомбулукка учурашууда. Индиянын оккупациялык күчтөрү жергиликтүү тургундарга өздөрүнүн диний салттарын карманууга, анын катарында Курман айт майрамын белгилөөгө тыюу салышкан”, — деп жазган Хан.
Дүйнөлүк коомчулук диний ишенимдин жана башка түшүнүктөрдүн негизинде зомбулуктун курмандыктарын колдоого алаарын премьер-министр белгилеген.
Анын пикиринде, дүйнөлүк коомчулук чара көрүүгө жана Жамму менен Кашмирдеги геноциддин алдын алууга тийиш.
Аймактагы кысым Индия бийлигинин Конституциянын 370-беренесине өзгөртүү киргизүү менен Жамму жана Кашмирдин өзгөчө автономдуу штат макамын жокко чыгаргандан кийин күчөгөн. Индиянын парламенти 5-августта демилгени колдогон, бул Исламабаддагы нааразычылыктын кескин жогорулашына алып келген.
Пакистан Индияны БУУнун коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузууга айыптады жана жооп иретинде чараларды көрүүгө даярдыгын билдирди. Жамму жана Кашмирдеги мусулмандар тобу Индиядан өз алдынча болууну талап кылышууда.
Кашмирдеги каршылык көрсөтүүнүн жүрүшүндө бүгүнкү күнгө чейин 70 миңден ашуун адам курман болду.