Бир нече саат мурун саясатчы Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды. Дагы да Акаев темасы боюнча. Анда саясатчы Башкы прокуратуранын Акаевдин кайтып келиши боюнча түшүндүрмөсүндө таң калыштуу жагдайлар көп экенин белгилеген.
“Абдан түшүнүксүз кырдаал: Акаевдин өлкөдөн качып кеткенине 14 жылдан ашуун убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында аны суракка алууга бир да аракет болбоду. Бул үчүн процедура абдан жөнөкөй: укуктук жамдам берүү боюнча Минск конвенциясына ылайык, Россиянын Башкы прокуратурасына Россиянын аймагында жашап жаткан күбөнү биз тарапты кызыктырган суроолордун негизинде суракка алуу боюнча өзүнчө көрсөтмө жиберилет. Ал кишинин бул жакка келишин күтүүнүн эмне кереги бар эле? Ошондой эле кайсы кылмыш үчүн КР прокуратурасы “Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартып жана издөө жарыялаганын” элге ачык айтышы керек болчу. Ал эми Акаевдин өзү, юристтери да анын өлкөгө келишине эч кандай административдик тоскоолдуктар жоктугун айтууда. Мунун баары абдан эле таң калыштуу. Азыр эми он жыл мурда иштеген прокуратуранын кызматкерлерине баарын төңкөрүп деле коюуга болот, а учурдагылар Акаев келээрин айткандан кийин текчедеги чаң баскан ишти алып формалдуу билдирүү жасап коюшту. Эмнеге токтотулган ишти жандантууга жана акыр аягында биринчи президенттин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүүгө болбойт, же ал киши аркы дүйнөгө кетип, актанууга мүмкүнчүлүгү калбай калганда жасашабы?”- деп жазды Кулов.
Башкы прокуратура Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келсе улуттук кызыкчылык үчүн суракка алынаарын жарыялаган.
Буга дейре Феликс Кулов аны Бермет Акаева менен жолукту деп жазган журналистке чара көрөөрүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирген. Эч убакта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чырдашпаганын белгилеген саясатчы бул сапар чындап чыдамы түгөнгөнүн жар салды.
“Мен эми жалган маалымат тараткан журналистти сотко берем. Эгер алар маалыматын төгүнгө чыгарышпаса, укук коргоо кызматына кайрылууга аргасызмын. Мен Бермет Акаева менен акыркы күндөрү эле эмес, деги эле жолугушпагам. Ал турмак жооптуу кызматтарды аркалап турганымда да жолугушууга себеп болгон эмес. Аны өмүрүмдө бир гана жолу – турмушка чыкканында үйлөнүү үлпөтүнө конок катары чакырылгам, ошондо көргөм”, — деди саясатчы.
Маалымат каражаттарынын биринде Феликс Куловдун Бермет Акаевага жолукканы жарыяланган.
Коомчулукта саясатчынын активдүү аракетинен улам «Кулов эмнеге Акаевдин арыгын чаап жатат?» деген суроолор жаралууда. Саясатчы Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда эки берененин негизинде айыпталып, 7 жылга эркинен ажыратылган, үй-мүлкү конфискацияланган.