Кыргыз-тажик мамлекеттик чегарасындагы абал турукташып калганын Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-августта саат 15.40тарда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чегара чегине Тажикстандын Исфара районунун Ходжа-Аъло айылынын тургундары чогулушкан. Алар чегара чегинде жакын жайгашкан, бирок Кыргызстандын аймагына таандык Аксай-Көк-Таш унаа жолунунун курулушуна нааразы болушкан. 15-20 чакты тажикстандыктар Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургунунан үйүнүн тосмосун алып салууну талап кылышкан, алар үй чегаранын такталбаган аймагында жайгашканын айтышкан. Мындан улам тажикстандыктар менен үй ээсинин ортосунда кайым айтышуу башталган. Коңшу өлкөнүн жарандары үйдүн тосмосун уратышкан.
Жаңжалды токтотуу максатында окуя болгон жерге Кыргызстандын Мамлекеттик чегара кызматынын жана укук коргоо кызматынын кызматкерлери барышкан. Тажикстандын жарандары аларга таш ыргытышып, курал-жарагын тартып алууга кол салышкан.
Акыбалдын мындай өзгөрүшү Кыргызстандын чегара кызматкерлерин эскертүү иретинде эки ирет абага ок атууга аргасыз кылган. Бул коңшу өлкөнүн тургундары өз аймагына качып кирип кетүүсүн шарттаган.
24-авустта Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда кезектеги жолу чыр чыккан.
Бир жарым ай ичинде бул кыргыз-тажик чегара аймагындагы экинчи жаңжал. 22-июлда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Анын кесепетинен 17 кыргызстандык жабыркаган. Алардын он үчү чегара жана укук коргоо кызматтарынын кызматкерлери.
Бул окуядан кийин эки өлкөнүн тургундарынын ортосундагы кагылышууларды жөнгө салуу, алдын алуу жана чегара аймагындагы такталбаган жерлерди тактоо максатында президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкан. Бул жолугушууну президенттердин чегара аймагындагы тарыхта биринчи жолу болгон жолугушуусу аташкан. Бирок, 24-августтагы жаңжал өлкө башчыларынын жолугушуусу деле чегаранын тамырлаган көйгөйүн чечүүгө жетишсиздик кылганын айгинелегенсиди.