Кечээ, 23-августтун кечине Аскер прокуратурасынын ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан КР Ички иштер министрлигинин атайын полкунун жоокери, айдоочу-жансакчы кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 22 жаштагы Пайзылла уулу Дамирбек Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлүп-өскөн. Кой-Таштагы окуядан кийин белгисиз тарапка дайынсыз кеткен. Ошондон бери жумушту себепсиз калтыргандыктан бошотулган.
7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо учурунда ИИМдин башчысынын ал кездеги орун басары Курсан Асановдун мурдагы президенттин үйүнөн кызыл баштык көтөрө кеткени айтылган. Ал окуя учурунда тартылган видео аркылуу тастыкталган. КСДП партиясынын өкүлдөрү баштыкта документтер болгонун, ал адвокат Сергей Слесаревге берилгенин айтып чыгышкан. Анткен менен Асанов баштыкка акча жана кымбат баалуу буюмдарды салып чыгып кеткени, бул баштыктын кайсы бир убакытка Асановдун колунда болуп андан кийин байкалаарлык бошогон абалында аталган партиянын төрага орун басары Кундуз Жолдубаеванын колуна тийгени айтылып келатат. Атамбаевди үйдөн чыгарып баратканда баштык Асановдун айдоочу-жансакчысынын колунда болгон.
Өздүк булактардын билдиргенине караганда, Курсан Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы дүйшөмбү күнү тагылат жана баш коргоо чарасы каралат.