Четверг, 23 апреля

Кыргыз-казак төкмө акындары беттешет

0

30-31-август күндөрү Бишкекте төкмө акындардын XIII Эл аралык айтышы орун алат. Таланттардын таймашы төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына ошондой эле, Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналат. Кыргыз — Казак акындарынын айтышы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиевдин “Кyrgyz. news” сайтына билдиргенине караганда, эки элдин акындарынын беттеши ар эки жылда өткөрүлүп келет. Буга чейин тандоо туру болуп, андан жалпысынан 16 төкмө акын тандалып алынган.
Иш чарага Кыргызстандын атынан Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Жылдызбек Төрөканов, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков, Шайлообек Отунчиев, а Казакстандан Алтынбек Ибрагимов, Айнур Турсунбаева, Балгынбек Имаш, Биржан Байту, Жандарбек Булгаков, Нурлан Эсенкулов, Сырым Ауезхан, Мухтар Ниязовдор катышат.
Айтыштын байге фонду 2 млн сомду түзөт.
Эки өлкө ортосундагы төкмө акындардын айтышы жыл сайын өткөрүлүп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз