“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери 22-23-август күндөрү Баткен жана Исфана шаарларынын эли менен жолугушмак. Бирок, бийлик тарабынан ар кандай бут тосуулардан улам жолугушууну токтотууга мажбур болду.
Бул тууралуу ал өзү билдирди. Айтымында, бийлик тымызын тоскоолдук жаратуунун кыныгын алды.
“Баткендеги жыйында провокация уюштура салышып, карапайым эл жабыр тартып калбасын деп жолугушууну токтоттум. Бийлик абдан арамза амалга өтүп алды. Эгемендүүлүк тарыхыбызда мындай нерсе болгон эмес”, — деди саясатчы.
Жакында журналист Айданбек Акмат уулунун “Жалгыз дос” аттуу китеби жарык көргөн, анда Абсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровдун достук мамилеси чагылдырылган. Баткенге болгон сапардын максаты ошол китептин бет ачаарын өткөрүү жана эл менен жолугушуу болгонун саясатчы белгиледи.
Баткен облустук администрациясы Мадумаровдун жолугушууларына жергиликтүү бийлик эч кандай тоскоолдук жаратпаганын билдиришти.
Адахан Мадумаров июль айынын башында кыргыз коомчулугуна кайрылуу жолдогон. Анда мурдагы жана азыркы президенттердин каршылашуусуна интеллигенция кайдыгер карабай, экөөнү жараштыруу аракетин көрүшү керектигин белгилеген. Ошондой эле, саясатчы жаралган кырдаалга эки тарапты тең айыптап, шайлоонун мыйзам бузуу менен өткөнүнүн кесепети катары сыпаттаган.