Суббота, 23 ноября

Путин менен Эрдоган Сирия боюнча бир пикирге келди

0

Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Эрдоган өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү куралдуу кагылышуулардын күчөшү боюнча Сириядагы биргелешкен аракеттер мындан ары кандай өңүттө өнүгөөрү тууралуу макулдашышты. Путин күчтү террористтер менен күрөшүүгө багыттоого чакырды.
“Түркиянын президенти менен Идлибедеги террористтик очокторду нейтралдаштыруу үчүн биргелешкен кошумча чараларды көрүүнү жана бул аймактагы кырдаалды нормалдаштырууну белгиледик. Аны менен катар Сириянын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо принцибин карманып, өлкөнүн таасирлер зонасына бөлүнүн кетишине жол бербөө керек”, — деди Путин.
Түрк лидери Режеп Эрдоган өз кезегинде сириялык өкмөттүк аскерди кырдаалды курчутууга айыптады. Ал жооп иретиндеги чаралар көрүлөөрүн белгиледи:
“Тилекке каршы өкмөттүк аскердин тынч жашаган жарандарга болгон соккусу бир катар топтордун радикалдашуусуна алып келет. Режимдин провокациясы биздин аймактардагы аскерлердин өмүрүнө коркунуч туудурган чекке жетти. Мен коргонууга укуктуу экенибизди белгилегим келет, бул бизди чегараларыбызды коргоого мажбур кылат. Мен досум Путинге кандай кадамдарды жасоону чечкенибиз тууралуу айтып бердим”.
Подмосковьеге болгон иш сапарынын алдында Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү чегарага жакын жайгашкан райондорго түрк аскерин жөнөтүүгө даяр экенин жарыялаган. Путин Анкаранын позициясын түшүнүү менен кабыл алаарын белгиледи. Ошондой эле чегара коопсуз аймактарын түзүүнү колдоого алды, орус лидеринин айтымында, бул Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыздоого жардам берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз