Среда, 27 ноября

Атамбаевдин иши боюнча 7-каналдын мүлкү камакка алынды

0

КСДП партиясы тараткан маалыматка караганда, 7-каналдын Ош шаарындагы офиси камакка алынды.
Аталган партия телеканалдын эмгек жамаатын имаратка киргизбей жатканын билдирди. Жабдыктардын баарына мөөр басылды. Айрым маалыматтарга караганда, телеканал мурдагы президент Атамбаевдин медиаактивдерине кирет.
Буга дейре Башкы прокуратура мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка коюлган мүлктөрүнүн 20сынан камак чарасы алынганын жарыялаган болчу.
Камак чарасы алынган мүлктөрдүн арасында «Жал» кичи районундагы №77 турак үйдөгү 18 батир жана «Телерадио уюмдарынын ассоциациясы» уюму бар. Учурда башкы көзөмөл органы Атамбаевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү текшерүүнү улантып жатат.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган. Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. Мындан сырткары Атамбаевге жана анын аялына, «Кыргызавтомашка», «Апрель-ТВ» жабык акционердик коомуна тийиштүү деп кабарланган банктык уячалары камакка коюлду.
Мындан сырткары «Медиа Форум» ишканасынын мүлкүнө, Чолпон-Ата шаарынын курорттук аймагындагы бүтө элек эки объект, жер тилкеси камакка коюлду.
Ошондой эле беш автоунаа, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш менен Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч автоунаа, батир жана Бишкектеги жеке менчик үй камакка коюлду. Камакка алынгандардын арасында «Кыргызавтомаштын» мүлкү, Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз