Биринчи май райондук сотунда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум болду. Зилалиев мыйзамсыз байлык топтоо боюнча айыпталып жатат.
Процесске күбө катары Зилалиев акчасын сактап жүргөн банктын мурдагы кызматкери Зарина Эмилбекова катышты.
Анын айтымында, экс-вице-премьер-министр банк менен жыл сайын келишимди узартып турган. Бирок кийинчерээк келишим узартылбагандыктан банк талабына ылайык ячейканы бузууга туура келген. Ал эми эсеп кайсы жылы ачылганын мурдагы кызматкер так билбейт.
“Банк ячейкасын ачышканда ал жактан 900 миң долларга жакын акча жана кагаздар салынган папка чыккан. 100 жана 50 купюрадагы акча болжол менен 100 миң доллардай бөлүнүп, ар бири өзүнчө полиэтилен баштыгына оролгон экен. Биз акчаны эсептеп, баарын видеого тартып, акт түзгөнбүз. Тартылган тасманы флешкага сактаганбыз, кийин Дүйшөнбек Зилалиев келип актыга кол койгондо ага бергенбиз”, — деди банктын мурдагы кызматкери.
Күбө белгилегендей, банктын талабына ылайык ячейканы ижарага алуу мөөнөтү аяктаган соң, аны же жабуу керек же келишимди узартуу керек. Кардар келишимди узартпаса ага кабарлоо жөнөтүлөт, эгер бир айга чейин кардар кабарлашпаса, анда банк ячейканы бузууга укуктуу. Зилалиевге да анын акчасын сактаган банк кабарлоо жөнөткөн, бирок кардар айтылган даректе жашабагандыктан, ага жеткен эмес.
“Ячейканы ачуу үчүн алгач жетекчиге кызматтык кат жөнөтүлөт, андан кийин комиссия түзүлөт”, — деди күбө.
Дүйшөнбек Зилалиевдин адвокаттары сотко анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч жолдошкон. Сот экс вице-премьер-министрди абакта 30-ноябрга чейин калтыруу чечимин кабыл алды. Ошондой эле, соттун чечими менен соттук иликтөөнүн мөөнөтү узартылды.
Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылдын 8-декабрында кармалган. Аткаминерлердин декларациясын текшерүүдөн кийин экс вице-премьер-министр мыйзамсыз байлык топтоого шектелген. Ага дейре, Зилалиев шаар көчөлөрүнө бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган эле.