Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова соцтармактагы баракчасына Бишкектеги Михаил Фрунзенин үй-музейинен 104 баалуу экспонат уурдалганын жазып чыкты. Анын арасында полководецтин алтын сааты, канжарга чегерилген баалуу таштар да бардыгын белгиледи.
Ал эми музейдин жетекчиси Бакытбек Бакчиев экспонаттар советтик учурда жоголгонун, бирок ал төрт-беш жыл мурун гана ачыкка чыкканын айтты. Ал белгилегендей, 2014-2015-жылдары инвентаризация жүргүзүлүп, бир катар буюмдардын изсиз кеткени дайын болгон.
Инвентаризация Бакчиев музейдин жетекчилигине бекитилгенден кийин болгон.
“Ошондо гана 104 экспонат жетишпесин билдик. Музейдин башкы китебинде жазылып турат, а музейде жок. Кийинчерээк алар советтик мезгилде эле дайынсыз кеткенин аныктадык. Полководецтин алтын сааты 1969-жылы эле жоголгон экен”, — деген директор бул боюнча түшүнүк каттар жана буйруктар бардыгын белгиледи.
“Кыргызстандын “Музейлер жана музей фонддору тууралуу” мыйзамына ылайык музей фондунун мамлекеттик катологусуз эч нерсени өчүрүү мүмкүн эмес. Бирок Кыргызстанда мындай католог эч убакта болбогон. Ошондуктан жоголгон буюмдарды инвентардык китептен өчүрүп салуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, дагы деле эчак жоголгон буюмдар китепте жазылуу, а музейде жок боюнча турат”, — деди Бакчиев.