Пятница, 22 ноября

638 адам Кыргызстандын жараны болуудан баш тартты

0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 6 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, президент кол койгон 4 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1373 адам кабыл алынат (анын ичинен 1178 — чоң адамдар жана 195 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ал эми 2 — Жарлыкка ылайык, 638 адам (анын ичинен 532 — чоң адамдар жана 106 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз