Пятница, 22 ноября

Ден соолук. Жаш балдардын көп тердегени – эмненин белгиси?

0

Тер жана теринин куудурашы
Наристенин жука, сезимтал, назик териси ар кандай таасирлерди тез кабыл алат. Аларда кан алмаштуу тез жүргөндүктөн, бат ысып чыгышат. Эгер бул факторго баланы күн жылуу кезде да жылуу кийинтип койгонду кошсок, тез-тезден жуунтуп турбасак, дене табы көтөрүлүп ооруса, терчилге айланат. Баланын моюну, башы, далысы жана көкүрөк тушу, колтугу сууга чыланат. Бир нече күндөн кийин тер кургайт, бул учурда экинчи маселе – теринин кууудурай башташы жаралат. Эгер терчилдикти дарылабаса, теринин инфекциясы пайда болушу да мүмкүн.
Алдын алуу
Андай маселенин алдын алуу үчүн туура кам көрүү жүргүзүү зарыл:
1. Бир жашка чейинки балдарды күн сайын, аптапта суткасына 2-3 жолу самын колдонбой жуунтуп туруу керек.
2. Жалаяктарды тез-тезден алмаштырып, ар бир жолкусунда жууп туруңуз.
3. Бөлмөдө 20-22 градус жылуулук орноп турса, аба ваннасын кабыл алдырыңыз. Аны 1-2 мүнөттөн баштоо туура. Ар бир беш күн сайын процедуранын убактысын 2 мүнөттөн узартып отуруңуз. Бала 6 айлык кезинде аба ваннасынын узактыгы 15 мүнөткө, андан улуу балдардыкы 30 мүнөткө жетиши керек. Аба ваннасы – бул баланы жылаңач чечинтип бөлмө температурасында кармоо.
4. Балага аба ырайына карата нукура табигый кездемелерден тигилген кийим кийгизиңиз.

Ромашка менен ванна

Бул ыкмалар жеңил формадагы терчилдикке дарылоо таасирин тийгизет. Териге чыккан кызыл бүдүрлөр 2- 3 күндө жоголот. Эгер белгилер андан да узакка сакталса, ромашка жана кара дубадан ванна кабыл алуу керек. Ал үчүн кургатылган ромашка же кара дубадан 3 аш кашык алып, 1 литр кайнак суу куюп, 15 мүнөт тыныктыруу зарыл.
Эсиңиздерде болсун, көп оорулар бирдей белгилер менен күчөйт. Ошондуктан, педиатрга кайрылып, оорунун себебин так билип алуу кажет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз