Суббота, 23 ноября

Түркиянын Жеңиш күнү түрк элчилигинде белгиленди

0

Түркиянын 30-август -жеңиш майрамы жана куралуу күчтөрдүн күнүнө карата Бишкектеги Түрк элчилиги иш чара өткөрдү.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат уюштурган иш чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын төрага орун басары Нурлан Чомоев, дипломаттар, өлкөдөгү түрк мекемелеринин байланышы бар чет өлкөлүк элчиликтердин аскер аташелери чакырылды.
Иш чарада Камил Фырат Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөргө кайрылуусун окуп берди.
Нурлан Чомоев Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн аскердик даярдоо боюнча 1993-жылы башталган кызматташуусу өнүгүп жатканын билдирди. Айтымында, бул жылдар аралыгында 400дөн ашуун кыргыз аскерлери Түркиянын аскердик мектептеринде даярдыктан өтүшкөн.

Бул иш чарада Аташе Яшар Мехмет Абайга Кыргызстандын Башкы штабынын төрага орун басары Чомоев жогорулатылган аскер наамын тапшырды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз