Суббота, 23 ноября

Кыргыз өнөрпоздору Самаркандды багынтты

0

Өзбекстандын Самарканд шаарында «Шарк тароналари» Эл аралык музыкалык фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 28-августта болду. Фестиваль ушуну менен 12-жолу өткөрүлдү.
Бул жылы музыкалык иш чарага 75 өлкөдөн 340 артист катышты. Алардын арасында Кытай да бар.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев катышуучуларды искусствонун чыныгы өкүлдөрү, тынчтыктын жана достуктун элчилери деп атады.
Бүгүн, 30-августта сынактын жеңүүчүлөрү белгилүү болуп, Кыргызстандан жана Азербейжандан барган маданият өкүлдөрү байгелүү орунга ээ болгону айтылды.
Фестивалдын алкагында «Чыгыш элдеринин салттуу музыкалык искусствонун өнүктүрүүнүн перспективасы» эл аралык илимий-практикалык конференция да болду.
«Шарк тароналари» которгондо «Чыгыш ыргактары» музыкалык шоу Самаркандда эки жылда бир өткөрүлөт. Бул Орто Азиядагы масштабдуу жана өзгөчөлөнгөн маданий иш чара. Өзбекстан дагы фестивалдын айрым коноктору жана катышуучулар байыркы Самарканддагы тарыхый жайларды кыдырышты. Бул шаардын түптөлгөнүнө 27 кылымдан ашуун убакыт өткөнүн тарыхчылар белгилеп жүрүшөт.
Фестиваль учурунда өзбек улуттук көйнөктөрүнүн, музыкалык аспаптардын көргөзмөсү болду. Музыкалык шоунун жабылыш аземинде Самарканддын түнкү асманын фейерверктер жарык кылып, бир нече миңдеген күйөрмандардын сүрөөнү менен коштолот.
Буга дейре Өзбекстандын маданият министри Бахтиер Сайфуллаев фестивалдын жеңүүчүлөрүнө берилчү сыйлык өлчөмүн айткан. Ал билдиргендей Гран-при ээсине 10 миң доллар берилет. 1-2-3-орунга жетишкен жеңүүчү 5 миңден 2 миң долларга чейин алат.

Сүйүнчүлөй кетсек, аталган фестивальда Кыргызстандан барган эки комузчу жигитибиз биринчи орунга ээ болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз