Воскресенье, 24 ноября

Футбол: Биринчи тандоо туру башталды

0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Душанбеге кетти. Белгилүү болгондой спортчулар ал жактан Тажик тарап менен 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын алкагында бет келишет.
Оюн 5-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00 башталат.
Маалыматка ылайык команданы Александр Крестинин жетектеп, топко 23 оюнчуну киргизген.
Команданын курмы:
Валерий Кашуба,
Павел Матяш,
Кутман Кадырбеков,
Тамирлан Козубаев,
Мустафа Юсупов,
Азамат Байматов,
Александр Мищенко,
Айзар Акматов,
Андрей Долженко,
Ахлидин Исраилов,
Бахтияр Дуйшобеков,
Эдгар Бернхардт,
Муролимжон Ахмедов,
Фархат Мусабеков,
Жыргалбек уулу Кайрат,
Бекжан Сагынбаев,
Турсунали Рустамов,
Одилжон Абдурахманов,
Алимардон Шукуров,
Абай Боколеев,
Виталий Люкс,
Эрнист Батырканов,
Мирлан Мурзаев.
Айта кетсек, Кыргызстан Жапония, Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма, Монголия командалары менен беттешет. Футбол күйөрмандарынын арасында курама команда Япониядан жеңилиши мүмкүндүгүн, ал эми калган каршылаштарын утса болоорун айткандар басымдуулук кылып келет.

Футбол боюнча кезектеги дүйнө чемпионаты Катар өлкөсүндө 2022-жылы өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз