Россиянын айтылуу “Газпром” компаниясы эски бийликтин тушунда, 2013-жылы Кыргызстандын бүтүндөй газ жана мунай тармагы болгон “Кыргызгаз” ишканасынын 100% акциясын болгону 1 АКШ долларына сатып алгандан кийин өлкөбүздү газдаштыруудан тышкары социалдык тармактарга да көңүл буруп, бир нече спорттук объекттерди курууда.
“Газпром” экономикадан саясат жасоодо
Эгер мамлекетибизде жалаң гана шылуун, шумпайлардын талап-тоноосу эмес, куруу, жаратмандык багытында да иштер жүрсө, бул өтө кирешелүү жана стратегиялык мааниси бар (энергетика стратегиялык тармак болсо керек) ишкананы ит бекер сатпай, өзү иштетсе азыркы какшып жаткан бюджетибизге киреше түшүп, өкмөт айлык, пенсия, жөлөкпулду кантип төлөймүн деп карайламак эмес беле.
Бирок абалыбыз ит ыйлай турган болгон соң, ушунусуна да шүгүр деп отуруп калдык. Аны менен кошо “Кыргызгазды” талап-тоногон, миллиондогон долларды жеп-ичкендердин былык иштери жабылып калды.
Ошентип океандын ары жагына чейин газ менен мунайды саткан “Газпром” Кыргызстанда кучагын кенен жайып, өлкөбүздү газдаштыруудан тышкары Бишкек, Чолпон-Ата, Ош шаарларына заманбап спорттук комплекстерди салып берди. Үч ирет катары менен Чолпон-Атада өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш, жабылыш аземинен тартып, негизги спорттук оюндар да дал ушул “Газпром” салып берген спорттук комплексте өттү.
Албетте, сырттан караганда кыргыз эли, Кыргызстан мамлекети Россияга мындай камкордугу үчүн ыраазы болушубуз керек. Бирок иш жүзүндө “улуу держава” СССРдин тушундагыдай эле бизге окшогон өзүнө экономикалык жана саясый жактан көз каранды өлкөлөргө үстөмдүгүн көрсөтүп, маданияты менен тилин, идеологиясын кошо таңуулап жаткандай. Мындай жагдай 2-сентябрь – Билим күнүндө “Газпром” тарабынан Бишкекте ачылган мектептин айланасында кашкайып көрүнүп калды.
Мындан эки жыл мурда Бишкектин түштүк тарабына «Газпром» мектеп кура баштаган. Ошол учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен бул компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер мектептин жерпайынын курулушуна катышып, анда 33 заманбап класс, компьютердик кабинеттер, мультимедиялык китепканалар, лабораториялар жана жыйын залы, 350 орундуу ашканасы, эки спорт зал, эки үстү жабык сууда сүзүүчү бассейн, ачык асман алдындагы спорттук оюн аянтттар болорун гана айтышкан.
“Бул мектеп дүйнөлүк практикадагы эң жакшы үлгү болот жана анын курулушу Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну үчүн ар тараптуу дем бермекчи”,- деген эле Алексей Миллер 2017-жылы августта Алмазбек Атамбаев менен болочок мектептин курулушун баштап берип жатып.
Өз кезегинде Бишкек мэриясы да бул “кылым курулушуна” колдон келген салымын кошуп, 3,5 гектар жер бөлүп берген жана жолду асфалттаган.
Бирок ушул жогоруда айтылган баардык шарттары бар мектептин курулушу бүтүп, окуучуларды кабыл алуу башталганда ал бекер болбой тургандыгы, болгондо да өтө кымбат экендиги, ар бир окуучуга ата-эне 22 миң сом же $315 төлөшү керектиги бул мектептин айланасында жашап, балдарын беребиз деп үмүттөнүп турган ата-энелерди башка чапкандай эле кылды. Ал эми бизде расмий түрдө орточо айлык маяна 16 415 сом ($235). Мындан тышкары Баш мыйзамыбыз – Конституцияда билим берүү бекер экендиги жазылган.
Бишкектин мэри Азиз Суракматов болсо шаардык казынада мектептин керектөөсү үчүн жылына 150-200 миллион сом ( $2,1 ден $2,9 млн.го чейин) таба албай тургандыгын, ошондуктан бул чыгымды ата-энелер төлөшү керектигин айтып актанды.
Бул мектептин ачылышына өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков өзү катышып, лентасын ачуу менен куттуктоо сөзүн сүйлөдү. «Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет», — деди президент “Газпром Кыргызстан мектебинин» ачылышында.
«Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп эң жаңы жабдуулар менен жабдылган жана окуу, административдик, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, актылар залын, спорттук залды жана бассейндерди камтыйт.
Ата-энелер окуу акысынын кымбаттыгына нааразы
Бирок “Таза Табигат” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиеванын айтуусунда, “Газпромдун” мектеби башында эле россиялык компания акча иштеп табууну көздөгөн бизнес-план болгон. Ал ата-энелерден окуу үчүн акча талап кылуу чечимин коомчулукту алдоо катары баалады: “Мындай баардык шарты бар мектеп карапайым адамдар үчүн алдамчылык болду жана базалык билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койду”.
Мындай өзүм билемдиги жана Кыргызстандын Конституциясын тебелеп-тепсөө менен “Газпром” кыргызстандык балдарды байлар жана кедейлер кылып экиге бөлүп койду. Дауталиеванын айтуусунда, “Газпром” Кыргызстандын өкмөтүнүн ийкемдүүлүгүн терс максатта колдонуп, өзүнүн өктөмдүгүн таңуулап койду.
“Мындай бай компания эң оболу өзүнүн кирешеси тууралуу эмес, балдардын билим алуусун ойлонуш керек болчу”,- деди укук коргоочу.
Көрсө, мындай окуя Арменияда да болгон экен. 2016-жылы “Газпром” Ереванда жергиликтүү жашоочуларга окуу-спорттук комплекс куруп жатканда алгач алардын балдары бекер тарбиялана тургандыгын айтып, кийин, 2018-жылы курулуш иштери бүтүп, мектеп пайдаланууга берилген соң окуу акысы жылына 1 млн. драм ($2100) турарын жарыя кылган. Мындай эки жүздүүлүккө нааразы болгон еревандыктар Миллерге ачык кат жазышып, россиялык компаниянын “социалдык программасынын” максатын түшүндүрүп берүүнү талап кылышкан.
Дауталиева бул мектепти “Газпромдун” карамагына өткөрүп бербестен, мамлекеттин карамагында калтырыш керек деп эсептейт.
Бир да кыргыз классы жок
Окуу акысынын кымбаттыгынан тышкары бул элиталык мектепте бир да кыргыз классы жоктугу кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратууда. Биз алардын айрымдарына кайрылганыбызда, ойлорун төмөндөгүчө билдиришти:
Шаирбек Маматокторов, спорт журналисти:
- «Газпром» көрсө гиганттык алдамчы компания экен. Алар дайыма алгач бул социалдык программа экендигин убада кылышып, андан соң ал коммерциялык болуп чыгат. Ушул эле компания курган башка спорттук имараттарды алып көргүлө – алар баары акы алышат. Эми мектепти акы төлөнүүчү кылып коюшту. Шаардыктар, келгиле өз укугубузду коргойлу!
- Мындай кымбат мектеп жабылыш керек!
- 3,5 гектар жерди шаарга кайтарып алалы!
Кадыр Кошалиев, “Кыргыз жолу” бирикмесинин төрагасы:
- Кыргызстанда кандай гана мекетеп ачылбасын кыргыз классын кошо ачуу шартын мыйзам жүзүндө бекемдөо керек болуп калды окшойт. Мына азыр зарылчылык бар экендигине карабастан борборубуз Бишкек шаарындагы орус мектептерде кыргыз класстар жок. Мындан ары жаңы мектеп ачылса ал кимдер тарабынан каржыланганына карабастан сөзсүз кыргыз класстарын кошо ачпаса уруксат бербөө керек деп ойлойм.
Элнура Кулуева, жарандык активист:
- “Газпром» ишканасы курган мектеп туурасында айта тургана болсок, калаада азырынча мындай мектеп курула элек. Заманбап окуу бөлмөлөрдүн дээрлик баардыгы инновациялык техника менен камсыздалганына күбө болдук. Бул жагына сөз жок. Билим уясын курууга бир миллиарддан ашык рубль сарпталган бул заманбап жайда кыргыз класстарынын жоктугу бул чоң өксүк.
Бул деген улуттук саясаттын жоктугунан кабар берет. Ошого карабай өлкө башчысы баш болуп, кыргыздын түндүгүнүн астында шаңгырап ачтык .
Улуттук аң-сезимибизге балта чаап жатканыбызды билген да жокпуз. Муну мен тарых кечирбей турган катачылык деп эсептейм. Кыргыз тилине, улутуна карай билинбеген душмандык болуп жатканын эмнеге айтпашыбыз керек.
Айына бир балага 22 миң сомдук акы төлөө бул да аша чапкандык. Мамлекеттин жерине долбоор менен салынган билим уясы бардар катмар үчүн гана болгону өкүнүчтүү…
Жолдош Турдубаев, журналист:
- Кыргыз класстардын жоктугу, албетте, өкүнүчтүү. Мында жалпы эле шаардык мектептерде кыргыз тилдүү мектептер кыскарып жатышынын себептерин да эске алыш керек.
Жаӊы мектепте окутуу акысынын кымбат экендиги башынан эле аны кургандардын каржылык кызыкчылыкты биринчи орунга койгонун көргөздү. Менимче, ошол баага жараша сапаттуу билим бере албайт, келерки окуу жылына чейин окутуу акысын арзандатпай коё албайт.
Айтор, алгач экономикалык долбоор менен өлкөбүздүн рыногуна кирген “Газпром” акырындык менен саясый кадамдарды жасап, келечектин ээлери болгон жаш муунга өз идеологиясын, орусташтырууну таңуулоо менен бирге андан бизнес да жасоодо.
Баса, Кыргызстан мындай тажрыйбаны баштан өткөрүп, Түркияда террордук уюм деп табылган ФЕТОнун “Себат” мектептерин ачып алып, азыр анын кесепетинен эки өлкөнүн мамилеси солгундап, эмне кыларын билбей турган учур…
А. Белеков.