“7-апрель шейиттери” мечиттин имараты чектелген жок. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Башкы көзөмөл органынан түшүндүрүшкөндөй, мечит эмес, мечит жайгашкан жер тилкеси “Форум” илимий-өндүрүш фирмасы” ЖЧКсына таандык болгондуктан камакка алынган. Аталган компания факты боюнча Алмазбек Атамбаевдин менчиги.
Бирок мечиттин ишмердүүлүгүнө чектөө коюлган эмес. Тергөө Алмазбек Атамбаев кайсы акчасына мечитти курганын гана аныктайт.
Эске салсак, “7-апрель шейиттери” мечити ушул жылы апрель айында ачылган. Ачылыш аземине мурдагы президент катышып, мечитти курууга достору жардам бергенин айткан.
Атамбаев учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ал бир топ оор беренелер – укук коргоо кызматтарына күч колдонуу, киши өлтүрүү, массалык башаламандык, коррупция менен шектелген. Ал абакта 26-октябрга чейин кармалат.