Жогорку Кеңешке өкмөттүн туруктуу өкүлү дайындалды. Эске салсак, буга чейинки өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев каза тапкан болчу.
Мындан ары парламент менен өкмөттүн ортосунда чабармандык милдетти Алмасбек Абытов аткарат. Ал буга чейин өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Абытов эмгек жолун 1988-жылы баштаган. Алгач илимдер Академиясында инженер болгон, андан соң Жогорку Кеңештин аппаратынын ар кайсы бөлүмдөрүн жетектеген жана 5-чакырылыштын депутат да болгон.