15-сентябрда “Ак илбирсти сактайбыз” аттуу жарыш марафону өтөт. Уюштуруучулардын билдиришинче эл аралык марафон алгачкы ирет болууда.
Анын максаты коомчулукту жок болуу коркунучунда турган ак илбирстин тукумун сактоого үндөө. Кайрымдуулук жарыш марафонунан түшкөн каражаттын тең жарымы ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо глобалдык программасына жумшалат.
Иш чарага бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Каттоо 8-сентябрга чейин уланып, катышуучулардын саны 5000 миңге жеткенде токтотулат.
Дареги: https://www.nomadsport.kg же «Номад Спорт». Токтогул көчөсү, 171/1, 4-кабатка кайрылсаңыз болот.
Жарыш Ала Тоо аянтынан старт алып, Бишкектин негизги көчөлөрүндө уланат. Чуркоо 3 аралыка бөлүнгөн: 1 км, 14 км жана 21,1 км.